Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Араб өлкөлөрү “Хезболла” тобун “террорчу” деп тапты


"Хезболла" тобунун мүчөлөрү желектерин кармап турушат.
"Хезболла" тобунун мүчөлөрү желектерин кармап турушат.

Араб өлкөлөрү лигасынын ички иштер министрликтери “Хезболла” радикал тобун “террордук уюм” деп таануу чечимин кабыл алышты. Би-Би-Си тараткан кабарга ылайык, шаршембиде “Хезболланы” террордук уюм катары таанууну добушка коюу үчүн уюштурулган жыйындан Ливан жана Ирактын ички иштер министрлери нааразылык билдирип чыгып кетишти.

Перс булуңундагы өлкөлөр Ливандагы негизги саясий күч саналган жана Сирия президенти Башар Асаддын аскерий союздашы болгон “Хезболла” тобуна басым көрсөтүп келишет жана жаштарды террордук аракеттерге тартат деп күнөөлөшөт.

Февралда Сауд Арабия Ливан армиясына каржылык көмөк көрсөтүүдөн баш тарткан. Мурдараак Эр-Рияд Бейрутка 3 миллиард доллар бөлүшү ыктымалдыгы айтылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG