Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы санкцияны күчөттү


Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду, 7-февраль, 2016-жыл.
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду, 7-февраль, 2016-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын өткөн айда баллистикалык ракета учурганына жооп иретинде ага каршы эл аралык санкцияларды сезилерлик даражада кеңейтүүнү көздөгөн резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Жаңы тыюу салууларга ылайык Түндүк Кореяга жол алган жана ал жактан келаткан бардык жүк кемелери сөзсүз текшерүүдөн өтөт.

Андан сырткары Түндүк Кореяга кичи калибрдеги жана жеңил курал-жарактарды сатуу же тапшырууга да тыюу салынмакчы. Санкциянын “кара тизмесине” түшкөн кишилер менен уюмдардын тизмеси да көбөйөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары бул соңку жыйырма жыл ичинде кабыл алынган эң кескин чаралардан экенин жазышты.

АКШ президенти БУУнун бул чечимин кубаттады. (SE)

XS
SM
MD
LG