Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Cавченконун сотунда адвокаттар жыйынтык сөздү сүйлөп атышат


Надежда Савченко жана адвокат Илья Новиков сот залында. 3-март, 2016-жыл.
Надежда Савченко жана адвокат Илья Новиков сот залында. 3-март, 2016-жыл.

Орусияда камалган украин учкучу Надежда Савченконун соту бүгүн уланууда. Анын адвокаттары ушул тушта акыркы сөздү сүйлөп, ал абакта негизсиз кармалып турганын белгилешүүдө. Ростов облусундагы Донецк шаардык сотундагы жараянда бүгүн Савченконун өзү да жыйынтык сөзүн сүйлөп калышы ыктымал.

2-марттагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга камап, 100 миң рубль жазана салуу өтүнүчүн келтиришкен. Савченко эгер ага карата сот өкүмүн чыгаруу көпкө созула турган болсо, ачкачылык жарыяларын эскерткен.

34 жаштагы Савченко Луганскиде 2014-жылы кармалган. Ал орусиялык телеканалдын журналисттеринин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Өзү күнөөсүз экенин жана жикчилдер уурдап кармап кетип, Орусияга өткөрүп беришкенин айтып келет.

Украиналык учкуч абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Киев аны аскерий туткун болгонун белгилейт. Савченко камалгандан бери бир канча ирет ачкачылык жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG