Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Тегеран “Хезболланы” террордук уюм деп таанууну айыптады


"Хезболла" тобунун лидери - Хасан Насралла.
"Хезболла" тобунун лидери - Хасан Насралла.

Иран бийлиги “Хезболла” тобун террордук уюм деп таануу боюнча араб өлкөлөрү кабыл алган чечимди айыптады. Тышкы иштер министринин орунбасары Хусейн Амир Абдуллахиян бүгүн билдиргендей, Иран бийлиги колдоп келаткан “Хезболланы” террордук топ деп жарыялоо “кезектеги жаңылышуу” болду.

2-мартта Перс булуңундагы араб өлкөлөрү “Хезболлачылар” бир катар теракттарды ишке ашырып жатканын белгилеп, топту террордук уюм деп таануу чечимин кабыл алган.

"Хезболла" - Ливандагы негизги саясий күч деп саналат.

Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин курамына сунниттер башкарган Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабия, Кувейт, Катар, Бахрейн жана Оман өлкөлөрү кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG