Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

“Алай” жана “Абдыш-Ата” Кыргызстандын Суперкубогу үчүн ойношот


Оштун "Алай" футболдук клубу.
Оштун "Алай" футболдук клубу.

Кыргызстандын 2016-жылдагы футбол боюнча Суперкубогу үчүн беттеш 5-мартта Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтөт. Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей Суперкубок үчүн 2015-жылдагы Топ-лиганын чемпиону Оштун “Алай” клубу менен 2015-жылдагы Кыргызстандын кубогунун ээси Канттын “Абдыш-Ата” клубу беттешет. Оюн 15:00дө башталат.

Кыргызстандын Суперкубогу футбол сезонунун ачылышына арналган жыл сайын өткөрүлө турган мелдеш болуп саналат. 2011-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул турнирде кубокту жогоруда аталган клубдар жеңишке жетишкен эмес. Мелдеш алгачкы жолу өткөрүлгөндө бул кубокко Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу ээ болгон. Андан кийин үч жолу катары менен Бишкектин "Дордой" клубу алган. 2015-жылы Суперкубок үчүн беттеш болгон эмес. (ECh)

XS
SM
MD
LG