Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Түркияда полицияга кол салган эки аял өлтүрүлдү


Полицияга кол салган аялдар. Видеокөзөмөлгө жазылып калган тасма. 3-март, 2016-жыл. Түркия.
Полицияга кол салган аялдар. Видеокөзөмөлгө жазылып калган тасма. 3-март, 2016-жыл. Түркия.

Стамбулдун четинде бүгүн полиция автобусуна кол салган эки аял атып өлтүрүлгөнү тууралуу CNN Turk телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, аялдардын бири граната ыргытып, экинчиси автоматтан ок чыгарган. Полиция аларга каршы ок ачкан. Атышуу болгон аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Рейтер агенттиги Түркиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө былтыр “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” менен өкмөт ортосундагы чыңалуу чыккандан бери көзөмөл күч экенин кабарлады.

Соңку кездери террорчулар Стамбулда жана Анкарада үч жолу ири теракт жасашты. (SE)

XS
SM
MD
LG