Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:21

9-класста окуган кызды зордуктады деп шектелген жаран үй камагына чыкты


9-класстын окуучусун зордуктады деп шектелген 24 жаштагы Нарын районунун тургуну туруктуу жашаган жери болгондуктан эч жакка кетпөө арызы менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Анара Күрүчбек кызы билдирди. Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Өткөн айда Нарында ушундай эле окуя катталып, зордукчудан жабыркаган 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарган. (MiK)

XS
SM
MD
LG