Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Надежда Савченко ачкачылык жарыялады


Cавченко сот залында. 3-март, 2016-жыл.
Cавченко сот залында. 3-март, 2016-жыл.

Орусияда камалган украин учкучу Надежда Савченконун иши боюнча бүгүн соттук отурумда ага акыркы сөз айтууга уруксат берилген жок. “Азаттык” радиосунун орус кызматы билдиргендей, бүгүн жыйынтыктоочу жараян деп айтылган отурумда Савченконун адвокаттары акыркы сөздү сүйлөп, абакта негизсиз кармалып турганын белгилешти. Ростов облусундагы Донецк шаардык сотундагы жараянда бүгүн Савченконун өзүнө да соңку сөз берилип, өкүм чыгышы күтүлгөн эле. Талаштуу жагдайлардан улам отурум 9-мартта уланып, ошол күнү учкуч айымга акыркы сөз берилмей болду. Буга нааразы болгон Савченко ачкачылык жарыялаганын маалымдады.

Мамлекеттик айыптоочулар Савченкону 23 жылга камап, 100 миң рубль жазана салуу өтүнүчүн келтиришкен. Савченко эгер ага карата сот өкүмүн чыгаруу көпкө созула турган болсо, ачкачылык жарыяларын эскерткен. Бүгүнкү отурумда Савченко прокурорлор аны жок жерден күнөөлөп жатканын белгилеген.

34 жаштагы Савченко Луганскта 2014-жылы кармалган. Ал орусиялык телеканалдын журналисттеринин өлүмүнө айыпталууда. Өзү күнөөсүз экенин жана жикчилдер кармап кетип, Орусияга өткөрүп беришкенин айтып келет. Киев аны аскерий туткун болгонун белгилейт. Савченко камалгандан бери бир канча ирет ачкачылык кармаган. (SE)

XS
SM
MD
LG