Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Үч өлкөнүн лидерлери Путин менен сүйлөшөт


Ок атуу токтолгон Сирияда балдар момпосуй көтөрүп баратышат, Алеппо, 2-март, 2016-жыл.
Ок атуу токтолгон Сирияда балдар момпосуй көтөрүп баратышат, Алеппо, 2-март, 2016-жыл.

Британия өкмөт башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, 4-мартта Британия, Франция жана Германия жетекчилери Орусия президенти Владимир Путин менен телефон акрылуу байланышып, сүйлөшүү жүргүзөт.

Девид Кэмерон, Франсуа Олланд жана Ангела Меркел Путин менен негизинен Сириядагы соккуларды токтотуу боюнча жетишилген келишимдин аткарылышы жаатында сүйлөшөрү күтүлүүдө. Европа лидерлери Сирияда саясий өткөөл учурду баштоо үчүн ок атпоо келишимин сактоо зарылдыгын эскертиши мүмкүн.

27-февралда күчүнө кирген тынчтык келишими Сирияда беш жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу жолундагы алгачкы олуттуу кадам деп сыпатталууда. Бирок келишимде “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” жана “Ал-Нусра” сыяктуу террордук топторго сокку урууларды токтотуу каралган эмес.

Орусия Сирия бийлигин колдойт. Батыш Москва Дамаскиге колдоо көрсөтүп, оппозициядагыларды аёосуз аткылап жатканын сындайт. (SE)

XS
SM
MD
LG