Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Медакадемияда кармоо учурунда каза тапкан кызматкердин жакындары митингге чыкты


Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылында УКМКнын атайын операциясы учурунда каза болгон Медициналык академиянын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун жакындары нааразылык акцияга топтолушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун тууганымын деген Алмаз Сейитбеков кабарлады.

Анын айтуусунда, наразылык митингине 200дөй адам чогулган. Алар Гапаровдун өлүмүн тыкыр иликтөөнү, УКМКнын оперативдик видео тасмасын ачыкка чыгарууну, кызматкерлерди тергөөгө чакырууну президент жана башкы прокуратурадан талап кылышууда. Митинг катышуучусу билдиргендей, нааразылыкка чогулгандарга милиция тоскоолдук кылган эмес. Эки-үч милиция кызматкери кырдаалга көз салып турат. Митинг катышуучуларын район акиминин орун басары Саадат Туйгунов кабыл алды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген эле.(YI)

XS
SM
MD
LG