Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстандык медиа эксперттер Матаевдин абалына тынчсызданууда


Сейитказы Матаев
Сейитказы Матаев

Кыргызстандагы медиа эксперттер жана маалымат каражаттардын жетекчилери Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейитказы Матаевдин тегерегиндеги абалга тынчсыздануусун билдирүүдө. Анда Матаевдин Казакстанда эле эмес, чет жакта да таанымал экени, анын жөнөкөй кабарчыдан президенттин маалымат катчысы, КМШ өлкөлөрүнүн журналисттер конфедерациясынын вице-президентине жеткен кесипкөй адам экени белгиленген. Тергөө иштери акыйкат, адилет жүрүшү керектигин белгилеген кыргызстандык медиа эксперттер бул окуя Казакстандагы басма сөзгө басым жасоо аракети болбошу зарылдыгы айтылган.

Билдирүүгө “Медиа Полиси институту”, “Журналисттер” коомдук бирикмеси баш болгон уюмдар, 10дон ашуун журналисттер кол койгон.

Коррупцияга каршы кызмат бюджеттик каражатты кымырып алууга жана салык төлөөдөн качууга шектелген Сейитказы Матаевди 22-февралда кармаган. Аны менен кошо"КазТАГ" агенттигин жетектеген уулу Асет Матаев да кармалып, ошол эле күнү бошотулган. Казакстандагы "Адил сөз" медиа уюму Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган Улуттук пресс-клубдун ишин токтотуу, “КазТАГ” жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» сыяктуу максаттар турарын билдирген. Ал 24-февралда үй камагына чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG