Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

Бишкекте аялдарга карата зомбулукту токтотуу талабы айтылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында аялдарга карата зомбулукка каршы акция өтүүдө. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы “Res Publica” гезити менен бирге уюштурган иш-чарага 30га чукул жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда. Уюштуруучулар бийликтин убадасына карабай кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук көрүнүштөрү уланып жатканын белгилеп жатышат.

Мисал катары Таласта сот кызматкерлери зордуктады деп арызданган Калия Арабекованын иши эки жылдан бери аягына чыкпай келатканы, Жогорку Сотто белгилүү ишкер Райкан Алкановдун зомбулугуна кабылганын айткан кыздарга карата өкүмдүн катуулашы боюнча фактылар келтирилүүдө.

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана беш пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат. ИИМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери 2179 аял, 67 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учураган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG