Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Сариев: биз билим сапатын жакшыртуу менен өнүгө алабыз


Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Нарында билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеде билдирди. Ал Кыргызстанда мунай жана газ жок экенин белгилеп, өлкө билим сапатын жогорулатуу, жаратылыш жана адам ресурстары менен гана өнүгө аларын белгиледи. Ушул тапта Сариев окуу жайдын ректорлору жана мектеп директорлорунун катышуусунда 2016-2020-жылдарга билим берүү кызматын экспорттоо жана билим берүүнүн сапаты боюнча концепциянын бет ачарына катышууда.

Бир күндүк иш сапары менен Нарынга барган өкмөт башчы Борбор Азия университети менен таанышты. Ушул эле күнү облустун активист аялдары менен жолугушат. (КЕ/MiK)

XS
SM
MD
LG