2016-жылдын 4-мартынан 6-мартына чейин аба-ырайынын кескин ысып кетишине байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда, түнкүсүн жолдор тайгак болуп муз тоңот.
5-мартта жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5 градус жылуу, күндүз 18…23 градус ысык болот.
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22 градус ысыйт.
Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 18...28,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градус ысык болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 7...12 градус жылыйт.
Нарында түнкүсүн -5…-10 градус суук, ал эми күндүз 5…10 градус жылуу.
5-мартта Бишкекте жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус жылуу, күндүз 21…23 градус жылуу болот. (КЕ)