Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте бир адам поезд астында калды


Бишкек темир жолу.
Бишкек темир жолу.

Бишкекте Лев Толстой жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жолдо поезд бир адамды тепсеп кетти. Милициянын маалыматына караганда, 3-мартта 22 жаштагы жаран телефон менен сүйлөшүп баратып поезд келатканын байкабай калган. Машинисттин бир нече жолу сигнал басканына көңүл бурган эмес.

Натыйжада поезддин алдында калган жаран баш мээси чайкалып, буту сынып, ичи жана көкүрөгү жабыркап ооруканага жеткирилди. ИИМ кырсыктын себептерин иликтөөгө алууда.

Буга чейин 2013-жылы дагы бир адам поезддин алдында калып каза болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG