Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Исаков: чет элдиктер үчүн окуу төлөмдү чектебеш керек


Нарындагы Борбор Азия университети.
Нарындагы Борбор Азия университети.

Бул тууралуу Ош мамлекеттик универиситетинин ректору Каныбек Исаков Нарында өтүп жаткан билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык кеңешмеде билдирди. Анын айтуусунда, учурда ОшМУда 1500гө чукул чет элдик студенттер окушат жана алардын окуу төлөмү жергиликтүү студенттердикинен эки эсеге көп.

-Окуу төлөмдөр мамлекеттик антимонополия комитети тарабынан талапка, шартка жараша бекитилет. Алар ар бир ЖОЖ өз алдынча, автономдуу чечкенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Менин оюмча, чет элдик студенттердин окуу төлөмү эң аз дегенде 3000 доллар болушу керек. Анткени дүйнөдө медициналык билим берүүдөгү окуу төлөмдүн эң төмөнкүсү 30 миң доллар. Ошондуктан бизге эркиндик берилиши керек, биз ошого жараша шарт түзүп беребиз.

Нарындагы кеңешмеге катышып жаткан премьер-министр Темир Сариев бул маселени карап чыгуу үчүн тиешелүү мекемелерге тапшырма берерин убада кылды. (MiK)

XS
SM
MD
LG