Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Актауда мунай тармагында иштегендер нааразылыкка чыкты


Актаудагы нааразылык, 4-март, 2016.
Актаудагы нааразылык, 4-март, 2016.

Казакстандын Актау шарында Techno Trading LTD компаниясынын ондогон кызматкери бүгүн өткөн жыл үчүн сыйлык акыларды төлөө жана компания жетекчиси Адил Ниязовду кызматтан кетирүү талабы менен чыкты. Алардын белгилешинче, Ниязов келиши менен айлык акы кыскарып, сыйлык пулдарын төлөө токтогон.

Компания юристи кызматкерлердин талаптарын кароо боюнча комиссия түзүлгөнүн жана бул ички маселе экенин билдирди. Нааразылыкка чыккан жумушчулардын бири бул маселени компаниянын ичинде чечүү аракеттеринен майнап болбогону аларды көчөгө чыгарганын айтат.

Ушул эле күнү аталган компаниянын Жетибай аймагындагы бөлүмүнүн жумушчулары да ушундай эле талаптар менен акцияга чыкканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG