Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Түркмөнстанда полиция арак ичкендерди кармап кетүүдө


Түркмөнстандын көчөлөрүндөгү полиция кызматкерлери.
Түркмөнстандын көчөлөрүндөгү полиция кызматкерлери.

Түркмөнстандын Лебап облусунун борбору - Түркмөнабад шаарында полиция өткөн жумадан тарта алкоголдук ичимдик ичкендерди кармай баштады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдашынча, көчөдө топ-тобу менен жүргөн полиция кызматкерлери мас болуп, оолжуй баспаса деле кээ бир адамдарды ичимдик ичти деп кармап, полиция бөлүмүнө алып барышууда.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү бир тургундун айтымында, аны дагы полиция кармап кетип, пара берип чыгууга аргасыз болгон: “Эки рюмка ичимдик ичкен элем. Үйгө баратканда полиция жолумду тосуп, кармап кетти. Бөлүмдө дагы он чакты киши бар экен. Алардын көбү мас эмес болчу. Түн бир убакка чейин кармашты, 50 манат пара берип бошондум”, - деди бул тургун. 50 манат кыргыз сомуна айлантканда миң сомдон ашыгыраак акча болот.

Башка тургундар да полиция көчөдө үй кийимчен жүргөн же бардан чыгып бараткан адамдарды да кармап кетип жатканын айтышууда. Полициядан бул боюнча комментарий алганга мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG