Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Сербияда парламент таратылды


Сербия президенти Томислав Николич бүгүн парламентти таратып, кезексиз шайлоо жарыялаган жардыкка кол койду. Жаңы шайлоо 24-апрелге белгиленди. Буга чейин өлкө премьер-министри Александр Вучич президентти ушундай кадамга барууга чакырган эле.

Вучич өлкө башчысына расмий түрдө кайрылуу жолдоп, өкмөткө реформаларды жүргүзүп, өлкөнү Евробиримдикке алып баруу үчүн жетиштүү мандат зарылдыгын белгилеген. Вучич жетектеген Серб Прогрессивдүү партиясы (SNS) бир канча майда партиялар менен биригип, башкаруучу коалиция түзгөн. 2014-жылдагы шайлоодо бул партия 250 орундуу парламенттен 131 мандат алган. Бул мыйзам чыгаруу органында көпчүлүктү түзөт. Бирок конституцияга Сербия ЕБга кошулуусуна жол ачкан өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн партия депутаттык орундардын үчтөн экисине ээ болушу керек.

XS
SM
MD
LG