Бишкектеги Бонецкий лабораториясында 10-март дүйнөлүк бөйрөк күнүнө 50 пайызга арзандатуу акциясы өтүп жатат.
Бөйрөгү жана боорун текшерткиси келгендер кан, заара, билирубин ж.б. анализдерди 820 сом төлөп, тапшыра алат. Аталган лабораториянын өкүлү Марат Шариповдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, бул иш-чара 31-мартка чейин уланат.
"Эл аралык аялдар күнүнө карата да аялдардын гормондорун текшерүү 30 пайызга арзан болууда", - дейт Шарипов.
Кыргызстанда бөйрөк оорусуна чалдыккандар жылдан жылга көбөйүүдө. Азыр жасалма бөйрөк аппаратында тургандардын саны миңден ашты.(BCh)