Иш сапарында Жо Байден Иран менен Сириядагы абалды жана экономикалык, энергетикалык кырдаалды талкуулайт. Ак үйдүн маалымдашынча, Байден Бириккен Араб эмираттарына, Израилге жана Иорданиянын Батыш жээгине барат.
АКШ вице-президенти Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугат. Ак үй маалымдагандай, бирок сүйлөшүүдө израил-палестин чатагы тууралуу кеп болбойт.
Байдендин иш сапары 5-мартта башталат.