Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте жол кирени көтөрүү сунушталууда


Бишкек
Бишкек

Эл ташыган кичи унааларда жүрүү акысын көтөрүү демилгеси Шаардык транспорт башкармалыгына таандык. Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, буга “Жүргүнчү ташуучулар” ассоциациясынын кайрылуусу себеп болгон.

Транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча Бишкектеги кичи унааларда жүрүү акысы тууралуу түрдүү сунуштар бар. Ага ылайык жол кире 13, 15 же 17 сомго кымбатташы ыктымал. Учурда атайын комиссия эсеп жүргүзүүдө.

Бишкекте кичи унааларда жүрүү акысы 10 сом. Кечки саат тогуздан таңкы алтыга чейин 12 сом. Муниципалдык транспорттогу жол кире 8 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG