Оштогу №2 Карл Маркс мектебинин мугалимдери мектептин мурдагы директору Жоомарт Акматов Ош шаар кеңешинин депутаттыгына “Республика Ата-Журт” партиясынан аттанганы үчүн кызматтан алынганын билдиришти. Алар депутаттыкка талапкерди убактылуу иштен четтетип, шайлоодон кийин кызматтан алса деле болмоктугун айтышат. Мугалимдер ошондой эле анын ордуна дайындалган жаш мугалимге ишеним арта алышпастыгын билдиришүүдө.
Мурдагы директор Жоомарт Акматов өзү депутаттыкка бийликте эмес партиядан аттанганы үчүн иштен кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурланганын “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов болсо Жоомарт Акматов депутаттык кызматты тандап, мектеп директорлугунан кетүү тууралуу арызды өз каалоосу менен жазганын айтууда. Кимсановдун сөзү боюнча иштен кеткен адамдын ордуна дароо башка директор дайындалышы керектигин мыйзам милдеттендирет. Башкармалык башчысы жаңы дайындалган директордун 10 жылдык иш тажрыйбасы жана жылдын мыкты мугалими наамы бар экенин кошумчалады.
Ош шаарында 56 орто мектеп бар. (YI)