Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Түлеев менен Самаковду коргоо комитети түзүлдү


Коргоо комитетин Нарындагы Баатыр энелердин жана жеке ишкерлердин өкүлдөрү түзүштү. Аталган комитеттин мүчөсү Бактыгүл Жумабаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жакында комитеттин атынан Түлеев менен Самаковду эркиндикке чыгаруу тууралуу өтүнүч кайрылуу президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, өкмөт башчыга жолдонот:

- Түлеев менен Самаковдун Кыргызстанга кошкон салымын элдин баары эле билет. Түрмөдөн баары эле чыгып жатат, жада калса баш кесер Батукаев чыкты. Биз аларды биротоло актап берсин деп талап кылып жатабыз.

Мындай маанидеги кайрылуу мурдараак Нарындагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыповго да жолдонгон.

Нариман Түлеевге Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган болчу. Ошондой эле өткөн жылы Бишкекте 4,5 сотых жердин мыйзамсыз сатылышына тиешеси бар делип, дагы бир кылмыш иши ачылган. Түлеев өзүнө коюлган айыптарды бийликтин саясий буйругу деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айып тагылган. Учурда соттук териштирүү жүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG