Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Януковичтин санкциясын узартуу чечими күчүнө кирди


Ага ылайык, 5-марттан тарта Украинанын экс-президенти Виктор Януковичке жана анын айланасындагы 15 кишиге Евробиримдик салган санкциялардын мөөнөтү дагы бир жылга узарды. Анын ичинде эки жыл мурда киргизилген Януковичтин финансылык активдерин токтотуу да бар.

Мындай чектөө Майдандагы демонстрациялардан кийин Янукович өлкөдөн качып кеткен учурда киргизилген. Аны менен катар Украинанын мурдагы өкмөт башчылары Николай Азаров, Сергей Арбузов, президенттик администрациянын экс-башчысы Андрей Клюев да бар. Булар мамлекеттик каражатты уурдап-тоногон деп шектелүүдө. Кара тизмеден бир киши – мурдагы саламаттыкты сактоо министри Раиса Богатырева чыгарылган.

Санкцияларды узартуу чечими 4-март күнү Брюсселдеги министрлер кеңешинде кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG