Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:41

БШК: шайлоочулар өзүн тизмеден текшериш керек


Шайлоодон бир көрүнүш
Шайлоодон бир көрүнүш

27-мартта өтө турган жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу БШК убактылуу эреже кабыл алды. Ага ылайык, шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн, аймакта туруктуу катталган жарандар киргизилет.

Кылмыш ишине шектүү же айыптуу катары камакта отургандар, ооруканалардагы жана аскер бөлүктөрүндөгү шайлоочулар үчүн көчмө добуш берүү уюштурулат. Бул шайлоочулар тууралуу мамлекеттик каттоо кызматына добуш берүүгө чейин 12 күн мурун маалымат берилүүгө тийиш.

БШКнын жана Мамлекеттик каттоонун сайтында илинген шайлоочулардын тизмеси маалыматтардын түшүүсүнө жана иштелип чыгуусуна жараша өзгөртүлүп турат.

Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин добуш берүүгө 45 күн калгандан тарта илүүгө тийиш. Эгерде шайлоочу тизмеден өзүн таба албаса, анын биометрикалык каттоосу текшерилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар добуш берүүгө киргизилбейт. Биометрикалык каттоодон жаңы өтүп келген жаранды Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын тизмесине каттайт. Эгер жаран өзү катталган жери боюнча шайлоочулардын тизмесине катталбай, башка аймактан катталган болсо, анда шайлоочу добуш берүүгө чейин 15 күн мурун аймактык шайлоо комиссиясына кайрылууга тийиш. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочунун аты-жөнүн тизмеден тактоого көмөктөшүүсү керек. Шайлоочулардын арызы аймактык шайлоо комиссиясында эки күндөн ашпаган убакта каралып, шайлоочуга так жообу айтылуусу тийиш.

Шайлоочулардын арызын кабыл алуу добуш берүүгө чейин 15 күн мурун токтотулат. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

27-мартта айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG