Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Прокуратура: Бажы кызматында коррупциялык схема аныкталды


Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, борбордук бажы кызматынын кызматкерлери ишкерлер менен сүйлөшүп алып, сырттан кирген жүктөрдү аз бажы төлөмү төлөнчү товар катары каттап жүрүшкөн. Бул схема боюнча, жүк тууралуу документте башка товардын аты жазылып, чыныгы иш жүзүндө башка товар ташылып кирип турган.

Башкы прокуратура жакында эле автоунаадагы жүк цемент катары катталып, бирок иш жүзүндө анда бажы төлөмү кымбат автомашиналардын тетиктери ташылып кирген факты аныкталганын маалымдайт. Мындан мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген деп бекемдейт башкы көзөмөл органы. Учурда зыяндын так суммасы эсептелүүдө.

Бул иш боюнча Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бажы төлөмдөрүн төлөбөө беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG