Бул үчүн парламенттин иш башкармалыгы 300 миң сом сарптоого даяр. Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу сайттагы маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин интернет порталын жаңылоо үчүн тендерге катышуу арызын кабыл алуу 8-март күнү кечинде токтойт. Жарыя 5-мартта илинген.
Парламенттин порталын жаңылоого сарпталуучу 300 миң сом мамлекеттик бюджеттен алынат. (ZKo)