Ирактагы жанкечти террорчунун автоунаасынын жарылуусунан кеминде 47 адам набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алышты. Окуя борбор калаа Багдадга жакын шаарда жекшембиде, 6-мартта, болгон.
Полициянын билдиришинче, жанкечти Хилла шаарына кире бериштеги эл толгон көзөмөлдөө-өткөрүү бекетине унаасы менен келип урунган.
Алтымыштан ашуун киши жаракат алып, 50 чамалуу автоунаа жабыркаганын, бул Хилладагы акыркы убактардагы эң чоң жарылуу экенин атын атагысы келбеген коопсуздук кызматкери Reuters агенттигине билдирди.
Жардырууну “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасаганын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында, өткөн айда 670 ирактык тургун “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жардыруусунан мерт кеткен.