Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Киев менен Петербургда Савченкону колдогон акция өттү


Надежда Савченконун портрети
Надежда Савченконун портрети

6-мартта Киевдеги Көз карандысыздык аянтында Орусияда камакта жаткан украин учкучу Надежда Савченкону тез арада бошотууну талап кылган акция өттү.

Акцияга күн мурунтан социалдык тармактар аркылуу чогулууга сөз бекиткен миңден ашык киевдик тургундар катышты. Алардын айрымдары “Савченкого эркиндик”, “Кылмышкерлер! Надежданы Украинага кайтаргыла!», “Саясий туткундарды бошоткула!” деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан.

Акция саясатчылардын катышуусуз эле өтөт деген менен ага “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко, Радикалдар партиясынын лидери Олег Ляшко жана башка Жогорку Раданын депутаттары катышты.

Савченкону колдогон акция Санкт-Петербургда да өттү. Нева проспектисине плакаттарын көтөрүп чыккан 30дан ашуун активист окуяга кайдыгер эместигин билдиришти.

Орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп шектелген украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко Орусияда соттолууда. Прокурорлор аны 23 жылга камоону суранышкан. Сот азырынча чечим чыгара элек. Айыпталуучу акыркы сөзүн 9-мартта айтат.

Савченко өзү, украин бийлиги жана эл аралык коомчулук учкучтун күнөөсү жоктугун, ал саясий негизде кармалганын айтып келишет. 3-мартта абакта Савченко кургак ачкачылык жарыялаган. Дарыгерлер анын саламаттыгы азырынча канааттандырарлык экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG