Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Орусия Воркутадагы көмүр шахтасын суу каптатуу чечимине келди


Шахтада курман болгондорду эскерүү.
Шахтада курман болгондорду эскерүү.

Өткөн айдын соңунда Северная көмүр шахтасында болгон кырсыктан 30 кенчи жана 6 куткаруучу өлүмгө учураган. Кырсыкты иликтеген орус өкмөттүк комиссиясы шахтаны суу каптатуу чечимине келип, ал 60 күндөн 80 күнгө чейин созуларын билдирди. Шахтада метандын жарылуусунан адегенде төрт кенчи каза таап, 26 кенчи дайынсыз жоголгон. Куткаруу операциясы учурунда 28-февралда экинчи жарылууда 6 куткаруучу мерт болгон. Мына ошондон кийин куткаруу операциясы токтотулуп, жоголгон кенчилер өлдү деп табылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG