7-мартта башталып, апрель айына чейин созула турган машыгууларга Түштүк Кореянын 300 миң, Американын 15 миң аскери катышарын аскердик булактар кабарлады. Түштүк Кореянын коргоо министри Хан Мин-Ку машыгуу өткөн жылга караганда эки эсе көп болорун билдирди.
Түндүк Корея бул машыгууларга жана Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларына каршылыгын билдирип, өзөктүк курал менен сокку урууга даярдык көрүүгө буйрук чыгарган. Аскердик талдоочулар Түндүк Кореянын өзөктүк куралды жеткире алуучу ракетасы бар экенинен күмөн санашат. (AiT)