Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы кызматкерлери 6-март күнү кечинде Бишкектин Чыгыш-5 районундагы кылмыштуу топтуy мүчөлөрүн ок атуусуз колго түшүрдү. Министрликтин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кармалган үч жаран тең кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталып, тинтүү учурунда ок-дарылар табылды.
- Аларды тинтүү убагында мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды. Номуру өчүрүлгөн "Макаров" тапанчасы, эки травматикалык тапанча жана көптөгөн октор алынды. Булар буга чейин адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн.
6-март күнү кечинде Чыгыш-5 районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири курчоого алынып, милиция атайын операция жүргүзгөн. Жергиликтүү тургундан эвакуацияланган. Кылмышкерлерди кармоо учурунда жабыр тарткандар болгон эмес. (SDz)