Брюсселдеги чукул саммитте Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгөрүү аргасы кайрадан изделет.
Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери Түркиядан качкын маккамы берилбей турган миңдеген мигрантты кайра артка алууну суранары күтүлүүдө.
Былтыр ноябрда Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен болчу.
Мигранттар менен качкындардын турмуш-тиричилигин Түркияда камсыздоо үчүн Брюссель Анкарага 3,3 миллиард доллар бөлгөн.
Брюсселдин эсебинде, Түркия бул макулдашууну аткаруу жагынан айрым бир жылыштарды жасады, бирок мигранттардын Түркиядан Грецияны көздөй агымы азыр да азайбай жатат.
Грецияга Түркия тараптан күнүнө 2000ден ашуун мигрант келип түшүүдө.
Македония жана Евробиримдиктин Батыш Балкан жолундагы өлкөлөрү чек араларын иш жүзүндө жаап салгандыктан азыр Грецияда быйыл келгендерден 30 миңден ашуун мигрант камалып турат.
Быйылкы жылдын эки айынын жыйынтынгында Евробиримдиктин чегине 134 миңден ашуун качкын жана мигрант кирген. (UE)