Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Бейөкмөт уюм кыргыз парламентинде аялдар азайганына кабатыр


Кыргызстан парламентинин 80 пайызын эркек депутаттар түзөт.
Кыргызстан парламентинин 80 пайызын эркек депутаттар түзөт.

Кыргызстандагы “Сообща” уюму тараткан маалыматта 2007-жылы Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын саны 25,5% түзсө, 2010-жылы алардын саны 22,3% азайган, 2015-жылы бул көрсөткүч 19% түшүп кеткени белгиленген.

“Сообща” кыймылы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, аял парламенттеги депутаттардын саны 30% жогору болушу көрсөткөн берене бузулуп жатканына тынчсызданып, бул көрсөткүч жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да сакталбай жатканын маалымдады.

Иликтөөлөрдө Кыргызстанда аял укугун эркектердикине теңөө үчүн дагы алгылыктуу кадамдарды жасоо зарылдыгы жазылган. Өлкөдө 100 аялдын ичинен 43ү 15-19 жашта көз жаргандар экени аныкталган. Бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Азербайжандан кийинки эле көрсөткүч. Кыргыз парламентинде 120 эл өкүлү болсо, учурда аял депутаттардын саны 21. (SDz)

XS
SM
MD
LG