Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, террордук топко каршы операция Ооганстан менен чек арада өткөрүлүп жатат.
Операциянын максаты - Тажикстандын чек арасын эки күн мурда ( 5-мартта) бузган куралдуу топту жок кылуу.
Чек ара аскерлери учурда Пяндж дарыясындагы аралдарды куралчандардан тазалоо аракетин көрүп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Мухаммед Улукходжаевдин айтымында, чек араны бузган куралдуу топтун тогуз мүчөсүнүн бирөө жок кылынды, эки-үчөө камакка алынды. Тажик тарап болсо бир аскер кызматчысын жоготту.
Ооганстандын жергиликтүү бийликтеринин билдиргенине караганда, тажик чек арачылары менен кагылышкандар "Талибан" кыймылына байланышы барлар.
Ооганстандын Тажикстанга чектеш провинцияларынын бири - Кундуздагы Имам Шахиб районунун 30% учурда талибдер көзөмөлдөйт. (UE)