Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Саясий лидерлер Савченконун иши боюнча ачык кат жолдошту


Савченкону бошотууну талап кылган демонстрация. 6-март, 2016-жыл.
Савченкону бошотууну талап кылган демонстрация. 6-март, 2016-жыл.

Эки жүздөн ашуун саясий лидерлер жана белгилүү инсандар Евробиримдиктин лидерлерине жолдогон ачык катында Орусиядан украин учкучу Надежда Савченкону бошотууну талап кылуу үчүн чукул чараларды көрүүгө чакырды. Ачык катка кол койгондор арасында адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээси, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич да бар.

Кат ээлери Орусияны “жарандык укуктарды, эл аралык мыйзамды жана өз Конституциясын бузганы үчүн" да айыпташкан.

Орус бийликтери 2014-жылы июнда кармалган учкучту эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп күнөөлөсө, Савченко өзү жана украин бийликтери анын бул окуяга эч тиешеси жоктугун айтып, келет.

Савченко 3-марттан тарта абакта кургак ачкачылык баштаган, мунун алдында сот анын ишинде айыпкерге акыркы сөз бербестен бир аптага тыныгуу жарыялаган эле.

Орус прокурорлору украин учкучун 23 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG