Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооганстан: Фархунданын өлүмү боюнча акыркы өкүм бекиди


Фархунданы өлтүргөндөрдү адилет жазалоону талап кылгандар. Кабул, 27-апрель, 2016-жыл.
Фархунданы өлтүргөндөрдү адилет жазалоону талап кылгандар. Кабул, 27-апрель, 2016-жыл.

Ооганстандын Жогорку Соту күчүндө калтырган бүгүнкү өкүмгө ылайык, Куранды өрттөдү деген жалган айып менен аялды өлүмгө кириптер кылган адам 20 жылга кесилди.

Окуя былтыр мартта, борбор Кабулдагы ыйык жайлардын биринин жанында болгон эле.

Жалган айыптоону уккандан кийин жаалданган топ 27 жаштагы Фархунда Маликзаданы жапырт токмоктоп, тирүүлөй өрттөп жиберишкен.

Ооганстандын Жогорку Соту бүгүнкү чечими менен бул кыянатчыл ишке катышы бар башка 12 адамга берилген 10-20 жылдык түрмө жазасын да бекитти.

Былтыр марттагы кыянатчылык Ооганстанда аялдардын нааразылык акцияларын жараткан. (UE)

XS
SM
MD
LG