Европа лидерлерине жолдонгон кайрылуу катына 200дөн ашуун саясатчы, коомдук ишмер кол коюп, украин учкучу Савченкону бошотуу үчүн өзгөчө чараларды көрүүнү сунушташты.
Нобель сыйлыгынын ээси, Беларус жазуучусу Светлана Алексиевич кайрылуу катка кол койгондордун арасында бар.
Кайрылууда орус бийликтери “адам укуктарын, эл аралык мыйзамдарды жана Конституциясын да маскаралап жатканы” белгиленген.
Украиналык учкуч Надежда Савченко 2014-жылы Чыгыш Украинада жикчилдерге каршы күрөшүп жүргөн мезгилинде кармалып, Орусияга мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Ал Орусиянын эки журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Прокуратура аны 23 жылга эркинен ажыратууну сурады. Соттун өкүмү ушул жумада чыгышы күтүлүүдө. (AiT)