Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

АКШ учкучсуз учактар менен урулган соккулар тууралуу маалымат берет


Президент Барак Обаманын администрациясы кабарлагандай, 2009-жылдан бери террорго каршы күрөштүн алкагында урулган соккудан өлгөндөрдүн тизмесин жарыялоого кам көрүлүүдө.

АКШ президентинин терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси Лиза Монаконун маалымдосуна караганда, Пакистан, Йемен, Ливия жана Сомалиде учкучсуз учактар аркылуу урулган соккулар тууралуу маалыматтар ачыкталат. Бирок Сирия жана Ирак боюнча маалымат берилбейт.

Кошмо Штаттардын мыйзамчылары жана укук коргоочулар учкучсуз учактар аркылуу урулган соккулар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу талабын коюп келатышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG