Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Тунисте жоочулар менен кармашта 53 киши өлдү


Ливия чек арасына жакын жердеги Бен-Гарден шаарында өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын кагылышуусунда 11 жоокер набыт болуп, 35 жоочу өлтүрүлдү. Чабуул жасагандардын ичинен алты киши кармалды. Тунис бийлигинин маалымдоосуна караганда, жоочуларды жок кылуу операциясы уланып жатат. Шаарга коменданттык саат киргизилип, чек ара жабылды.

Дүйшөмбү күнү эртең менен ондогон жоочулар Ливия-Тунис чек арасын бузуп кирип, Бен-Гарден шаарындагы аскердик жана полиция күчтөрүнө чабуул жасашкан.

Тунистин өкмөт башчысы Хабиб Эссид мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуусунда, "Ислам мамлекети" террордук топ чектеш аймакта бекемделип алуу максатында чабуул жасаганын билдирди.

Тунис президенти Беджи Каид Эс-Себси жоочулардын максаты ошол аймакты көзөмөлгө алуу менен жаңы эмират жарыялоо экенин белгиледи. Европа биримдигинин тышкы иштер комиссари Федерика Могерини бул кол салуу Тунис туш болуп жаткан коркунучтар канчалык олуттуу экенин көрсөткөнүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG