Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

ЕБ бозгундар боюнча Түркиянын сунушун кароого убакыт сурады


Грецияда топтолгон бозгундар
Грецияда топтолгон бозгундар

Түркия качкындардын агымын токтотуу жана Европадагысын кайтаруу үчүн көбүрөөк каражат бөлүүнү, Анкаранын Европа биримдигине мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүнү тездетүүнү жана өз жарандарынын Европага визасыз каттоосун камсыздоону Брюсселге сунуштады. Түркиянын өкмөт башчысы Ахмед Давудоглу менен сүйлөшкөн Европа биримдигинин лидерлери бул сунушту карап чыгууга көбүрөөк убакыт керектигин билдиришти.

Брюсселдеги дипломаттардын айтуусуна караганда, Түркия бозгундар боюнча Европа биримдиги менен кызматташууда баасын көтөрдү. Өз кезегинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган качкындар боюнча Европадан жардам келе электигин билдирди:

- Бул кезде биздин өлкөдө 3 млн. качкын бар. Аларга биз 10 млрд. доллар жумшадык. Зарыл нерселер менен камсыздадык. Европа биримдиги 3 млрд. евро жардам беребиз деди. Андан бери төрт ай өттү. Али бере элек. Өкмөт башчыбыз Европа биримдигинде жүрөт. Мына ошол акча боюнча сүйлөшүп кайтат.

Түрк өкмөт башчысы Давудоглу Эгей деңизи аркылуу кемелер менен Европага багыт алып жактан мигранттарды токтотуу үчүн НАТОнун көбүрөөк жардамына муктаж экенин кошумчалаган.

7-мартта Давудоглу менен сүйлөшүүдөн кийин НАТОнун баш катчысы Йен Столтенберг билдиргендей, НАТОнун аскердик кемелери мигранттар ташылган Түркия жана Грекиянын жээктерине көбүрөөк көз сала баштайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG