Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Президент аялдарды майрам менен куттуктады


"Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт. 16-май, 2014-жыл
"Азаттыктын" архивинен алынган сүрөт. 16-май, 2014-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев аялдарды эл аралык күнү менен куттуктады. Анда “Балдарын мээримге бөлөп, бөпөлөп өстүргөн энелерге, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй сактап да, жаны тынбай эмгектенген аялдарга канча таазим кылсак да аздык кылат. Карт тарыхта далай согуштар менен жокчулуктардын азабын тартса да, улут тукумун улап, жарыкчылыкка балдарды жаратып жана эрезеге жеткирип келген апаларыбызга өзгөчө урмат жана даңк” деп жазылган.

Ошондой эле өлкөдө тынчтыктын жана ынтымактын өкүм сүрүшүндө, мамлекет пайдубалын чыңдоодо аялдардын эмгегине баа жетпесин белгиленген мамлекет башчы “талыкпас эмгеги менен мамлекетке бейпилдик менен аруулук алып келген аялдар өзгөчө урматка арзыйт. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм" деди.

Аялдар күнүн белгилөө байыркы Римден бери келаткан салтка кирет. 1857-жылдын 8-март күнү Нью-Йорк шаарында тикмечи айымдар теңчилик үчүн митингге чыгышкан. Ошол күн 1975-жылы БУУ тарабынан аялдардын эл аралык күнү катары таанылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG