Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:46

Орто-Сай базарынын жанындагы өрт өчүрүлдү


Орто-Сай базарындагы өрт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Орто-Сай базарынан жанындагы тез татым ашканасында тутанган өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүү үчүн бир унаа иштеген.

Бүгүн түшкү саат экилерде Бишкек шаарынын Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез даярдалуучу тамак-аш саткан күркөлөрдүн биринде өрт башталып, жанындагы күркөлөргө өтүп кеткен. Базарга жакын көчөлөрдө унаа тыгыны өрт өчүрүүчүлөрдү кырсык болгон жерге жетүүсүн оорлоткон. Учурда атайын инспекторлор өрттүн келип чыгуу себептерин жана чыгымдын көлөмүн аныктап жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG