Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Баткенде эл артисти Апаз Жайнаковду эскеришти


Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак. Ал 2013-жылы күзүндө көз жумган. 
Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак. Ал 2013-жылы күзүндө көз жумган. 

Баткенде Эл артисти, обончу жана аткаруучу Апаз Жайнаковдун туулган күнүн ыр майрамы катары белгилөө сунушу көтөрүлүүдө. Мындай демилгени Баткен облустук музыкалык драма театрынын эмгек жамааты, обончунун жакын санаалаштары, кесиптештери жана үй-бүлөсү эскерүү кечесинде айтышты. Эскерүү кечеси 6-мартта Баткен облустук музыкалык драма театрында болду.

Обончунун “Бийге чакыруу”, “Кыргызымдын сулуу кыздары”, “Өрүкзарга кетели”," Аман жар","Сагындым жазды", "Кайбереним" жана “Ак гүлүм” сыяктуу алтымышка жакын элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан обондору бар.

Апаз Жайнаковдун көзү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак. Ал 2013-жылы күзүндө көз жумган.

2009-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрына Апаз Жайнаковдун ысымы берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG