Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Орусиядагы жабык аскерий шаарга жылуулук берилбей калды


Мурманск облусунун Заозерск деп аталган жабык аскерий шаарына ири авариядан улам жылуулук берилбей калды. “Интерфакс” агенттиги жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматына таянып билдиргендей, ушул тапта 79 үйдө ысык суу жана жылуулук жок. Абанын температурасы 0 градустун тегерегинде.

Адистер авариянын себебин азырынча тактай элек. Оңдоо иштери 8-мартта кечинде аякташы ыктымалдыгын Мурманск облусунун губернатор орун басары Сергей Губич билдирди.

Заозерск шаарында 11 миңдей адам жашайт. (SE)

XS
SM
MD
LG