Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Сербиянын 15 районун суу каптады


Сербия, 8-март, 2016-жыл.
Сербия, 8-март, 2016-жыл.

Нөшөрлөп жааган жаандан дарыялар ташып, үйлөрдү, эгин талааларды жана жолдорду суу басты. Серб өкмөтү 15 райондо өзгөчө кырдаал жарыялады.

Табигый кырсыктын кесепетинен көчкү жүрүп, өлкөнүн борбор жана түштүк-батышында жолдорду бууп салганы кабарланды. Кээ бир райондор суусуз жана электрсиз калды. 500дон көп киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сербия өкмөтүнө жардамын сунуштап, 100 куткаруучу шаймандары менен даяр экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG