Бишкек мэриясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 10-мартта шаардык республикалык штабдын жыйыны өтөт. Жылуулук электр борборунда өтчү жыйынга Энергохолдинг ишканасынын, Бишкек мэриясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргызгидромет агенттигинин өкүлдөрү борбордо электр жылуулугун өчүрүү маселесин талкуулашат.
"Жыйынтык алдыдагы аба ырайына көз каранды болот. Эгер эртең жыйын учурунда жылуулукту өчүрүүгө мезгил келгендиги тууралуу маалымат берилсе, дароо тийиштүү токтом чыгат", – деп ишкек шаар башчылыгынан кабарлашты. (SDz)