Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Румыния менен визасыз каттам боюнча келишим түзүлөт


Румыния менен Кыргызстандын ортосуна дипломаттык, кызматтык паспорттору барларга визасыз режим киргизүү боюнча ратификациялык мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда каралды.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыковдун айтымында, аталган макулдашуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн 90 күнгө чейин эки мамлекеттин аймагына кирүүнү жеңилдетет.

2015-жылдын 16-июнунда кыргыз-румын өкмөтүнүн ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Бүгүнкү күндө дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар Кыргызстандын жарандары 13 мамлекетке визасыз кирип чыга алат. (SDz)

XS
SM
MD
LG