Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

116 миң салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды


Салык кызматынан маалымдагандай, 9-мартка карата 116 миң 311 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын ичинде 35 миң 431 укуктук жактар, 45 миң жеке ишкерлер жана 5 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлер.

Салык кызматы 1-апрелге чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет бериши керектигин эскертүүдө.

Көрсөтүлгөн убакытка чейин бирдиктүү салык декларацияны мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар берүүгө милдеттүү. Салык кызматынан кабарлашкандай, декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынат. (SDz)

XS
SM
MD
LG